Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын башчысы Владимир Путинге 22-мартта телефон чалып, кайрадан Украина маселесин талкуулады.
Ушуну менен Орусия Украинага басып киргенден бери эки президент сегизинчи жолу сүйлөшүштү.
Франция тарап атышууну токтотуу тууралуу орус президенти менен да, Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен да узак сүйлөшүүлөр уланып жатканын, азырынча эч кандай макулдашуу жоктугун, бирок согушту токтотуу үчүн аракеттер улана берерин, андан башка жол жок экенин билдирди.
Кремль Украина боюнча орус жана украин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү тууралуу пикир алмашуу уланып жатканын маалымдады.
Орусиянын Украинада баштаган согушу 24-февралдан бери уланууда. Сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. (RK)
Дагы караңыз
Бишкекте “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” форуму өтөт Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилетТекебаев менен Чотоновго жалаа жапкан Маевский 11 жылга кесилди Ошто турак жай кооперативине нааразылар митингге чыкты