Бүгүн 23-мартта Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине алынып келери айтылууда. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында туулуп өскөн орус жараны Эгемберди Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.
22-февралда окко учкан жигит 19 жашта болгону, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. (RK)
Дагы караңыз
Текебаев менен Чотоновго жалаа жапкан Маевский 11 жылга кесилди Ошто турак жай кооперативине нааразылар митингге чыктыПакистанда машыгуу учурунда учак кулап, эки учкуч каза болдуБУУнун баш катчысы согушту токтотууга Орусияны чакырды