Украинада окко учкан төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди

Украинанын аймагында талкаланган орус аскердик техникалары.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында Украинадагы согушка катышып, мерт болгон төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине кайтарылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.

50 жаштагы Сайдакбар Саидовдун сөөгү өзү туулган Хатлон облусунун Хамадони районунун Тудабойон айылында жерге берилди. Ал Украинанын кайсы жеринде каза болгону белгисиз. Жакындары журналисттерге кенен маалымат берүүдөн карманды.

Аталган айылдын башчысы, маркумдун агасы Ёрмухаммад Саидов бир тууганы көп жыл мурун Орусиянын жарандыгын алганын, акыркы мезгилде ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп келгенин гана учкай айтты.

Украинадагы согушта каза болгондордун бири - 38 жаштагы Рамазон Муртазаев да ушул эле райондун тургуну болуп чыкты. Анын жакындары да “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тарткан.

Калган эки тажик жаранынын тек-жайы белгисиз. Айрым маалыматтарда ал жакта каза болгон тажикстандыктардын саны онго чейин жетиши мүмкүндүгү айтылды.

Орусиянын армиясынын катарында Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан теги кыргызстандык, бирок орус жарандыгын алган 19 жаштагы жигит каза болгону ырасталды. Ал Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүргөнү жана Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Маркумдун сөөгү 23-мартта Кыргызстанга коюла турган болууда. (ErN)

Дагы караңыз

Орусия элчилиги Украинадагы согушта теги кыргызстандык жигит каза болгонун ырастады УКМК кыргызстандык чек арачы сабалганын маалымдады Орусияны колдогон митинг, согушка каршы чыккандардын сотуЫсык-Көлдүн тургуну Украинада каза болгон уулунун сөөгүн күтүп жатканы кабарланды Британия кыргызстандыктарды жумушка чакырдыZ жана V согуштун символуна кантип айланды?