Мэрия: окуучулары акцияга катышкан мектепке чара көрүлөт

Акциянын катышуучулары. 22-март, 2022-жыл. Бишкек.

Бишкек мэриясы Максим Горький гүлбагында Орусияны колдогон акциядагы балдар шаардагы мектептердин биринин окуучулары экени аныкталганын билдирди.

Мэрия шаардагы мектептер 21-марттан 31-мартка чейин жазгы каникулда экенин белгилеп, «алар иш-чарага аскердик-мекенчилдик клубунун мүчөсү катары катышкан жана ата-энесинин коштоосунда барган» деп билдирди.

Калаа бийлиги Эмгек кодексине ылайык клубдун жана мектеп өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги караларын маалымдады.

Орусияны колдогондор 22-мартта Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбакта акцияга чыгышкан. Арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Евгения Строкова, саясат таануучу Токтогул Какчекеев, саясий эксперт Бакыт Бакетаев, Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова, студент, окуучулар бар. Мындан тышкары аскердик кийим кийип, эки өлкөнүн желектерин кармаган өспүрүмдөрдүн сүрөттөрү тараган.

Бишкекте ага чейин Украинага тилектештик билдирген жана Орусиянын саясатын айыптаган акциялар өткөн. Акыркысы 17-мартта болуп, анда укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык иретинде пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин кое берген. Укук коргоочулардын ишин Биринчи май райондук соту карап жатат.

24-февралда Украинага кол салган Орусиянын аскерлери соңку күндөрү борбор калаа Киевди бутага алууда. 21-мартта шаардагы ири соода борборлорунун бирин орус армиясы тыптыйпыл кылды. Киевдин мэри Виталий Кличко бул соккудан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Орус күчтөрүнүн чабуулунан миллиондогон адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду, жүздөгөн карапайым адамдардын, жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылды. (TSh)

Дагы караңыз

ИИМ каржы пирамидаларынын түрлөрү көбөйгөнүн эскерттиСот Next TV телеканалынын арызын канааттандыруудан баш тартты Өкмөт салык системасын өркүндөтүүчү мамлекеттик мекеме түздү