Ошто өзбекстандык жарандар алтын аткезчилигине шектелип кармалды

Иллюсстрациялык сүрөт.

Ош эл аралык аэропортунда 2 килограммга жакын алтын буюмдарды аткезчилик жол менен алып бараткан Өзбекстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган төрт киши жакын туугандар болушкан. Алар 19-мартта Оштон Бишкекке учуп жатканда кармалган. Милиция тараткан маалыматта, Өзбекстан жарандары андан ары чет өлкөгө учууну пландаганы белгиленген. Текшерүү учурунда алардын жанынан алтындан жасалган шакек, билерик сыяктуу зер буюмдар табылган. Учурда териштирүү жүрүүдө деди милиция.

Талдоочулар арасында Кыргызстанда алтын куймасын жашыруун жолдор аркылуу чет өлкөлөргө алып чыгып саткан көмүскө аткезчилик каналдары бар экени тууралуу такталбаган маалыматтар айтылып келет. Буга чейин 2020-жылдын декабрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялаган.

Анда бул ишке Сүйүмбаевдин тиешеси бар экени тууралуу айныксыз далил буюмдар алынганы, буга байланыштуу ал суракка чакырылып, келбей койгону айтылган. 2021-жылы ага кайрадан издөө жарыяланган.

2017-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Делинин аба майданында алтын аткезчилигине шектелип кыргызстандык аял жана анын кызы кармалганын билдирген болчу.

Индиянын Бажы кызматы кармалган кыргызстандык эки жаран ири көлөмдөгү алтын куймасын аткезчилик жол менен Кыргызстандан Индияга алып барып сатканын моюнга алды деп кабарлаган.(ArN)

Дагы караңыз

Сот Абдирасулованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актадыБишкекте Орусияны колдогон акция өтүп жататБайден орус президенти туңгуюкка кептелгенин билдирди Ысык-Көлдүн тургуну Украинада каза болгон уулунун сөөгүн күтүп жатканы кабарланды