Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүрүп, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан кыргыз жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков 22-мартта "Азаттыкка" билдиргендей, маркумдун сөөгү Кыргызстанга келе элек. Окко учкан 19 жаштагы жигит Орусиянын жараны болгон.
“Сөөктү бул жакка алып келе элек. Күтүп жатышат. Атасы бул жакта. 2002-жылкы бала экен. Орусиянын жараны. Башка маалымат жок”, - деди Жумеков.
Дагы караңыз Украина: орус жарандыгы бар кыргыз жигит каза болдуУкраинада согушта кыргыз жигит каза болгону тууралуу маалымат алгач 17-мартта чыккан. Кабарларга караганда, аскер жигит жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына тийиштүү мекемелер уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул тууралуу маалымат бере албасын билдирди.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. (KS)
Дагы караңыз
Өкмөт салык системасын өркүндөтүүчү мамлекеттик мекеме түздүТуугандар ортосунда талашка түшкөн эски тамСот Next TV телеканалынын арызын канааттандыруудан баш тартты Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп Асел Чынбаева дайындалды