Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп Асел Чынбаева дайындалды

Өкмөт үйү.

Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 22-мартта билдирди.

Ушул эле күнү бул кызматка Асел Чынбаева дайындалды.

48 жаштагы Чынбаева билими боюнча юрист, былтыр февраль-октябрь айларында Юстиция министрлигин жетектеген. Ал парламенттик, өкмөттүк аппараттарда жана эл аралык долбоорлордо эмгектенген. (RK)

Дагы караңыз

"Кимди депутат кылуу боюнча тизме болгон"Сот Next TV телеканалынын арызын канааттандыруудан баш тартты "Кимди депутат кылуу боюнча тизме болгон"Сот Токтонасыровду бир берене боюнча актап, экинчи берене боюнча 3 миң сом айып салды