Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын арызы каралат

Бүгүн 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын арызы каралат. Каналдын жетекчилиги сотко дээрлик үч жумадан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүп кайрылган.

Алардын айтымында, тергөөчү бардык документтерди өзү менен кошо алып кеткендиктен кеңсени жабык кармоого негиз жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-мартта "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, телеканалдын директорун камакка алган.

Медиа коомчулук муну сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген. (RK)

Дагы караңыз

ТИМ: Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргыз жарандары жокБишкекте Украинадагы согушка каршы чыккан укук коргоочулардын соту болотБайден АКШнын жеке секторун Орусиянын кибер чабуулдарынан сак болууга чакырдыЗеленский Орусия менен мунаса жалпы украиналык референдумду талап кыларын айтты