Кытайда кырсыкка учураган учактын ичиндегилер арасында кыргызстандык жарандар жок экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына таянып 21-мартта билдирди.
21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулаганын өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлаган.
Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалган, алар тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Баштапкы кабарларга караганда, учак Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан. (RK)
Дагы караңыз
Бишкекте Украинадагы согушка каршы чыккан укук коргоочулардын соту болотБайден АКШнын жеке секторун Орусиянын кибер чабуулдарынан сак болууга чакырдыЗеленский Орусия менен мунаса жалпы украиналык референдумду талап кыларын айттыФранкфурт: топ тээп, чер жазган мекендештер