Бишкекте Украинадагы согушка каршы чыккан укук коргоочулардын соту болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы чыккан кыргызстандык эки укук коргоочуга байланыштуу сот жараяндары өтөт.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерин токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен.

Ошурахунованын иши 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, сот аны “Майда бейбаштык” деген айып боюнча актап, бирок "Укук тартибин коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" деген айып боюнча отурумду 25-мартка дайындаган.

Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин кароо 22-мартка белгиленген. (RK)

Дагы караңыз

Байден АКШнын жеке секторун Орусиянын кибер чабуулдарынан сак болууга чакырдыЗеленский Орусия менен мунаса жалпы украиналык референдумду талап кыларын айттыФранкфурт: топ тээп, чер жазган мекендештер Баткендеги Нооруз майрамы, президенттин убадасы