Бүгүнкү Нооруз майрамына карата Кыргызстанды чет өлкөлөрдүн лидерлери куттуктоодо.
Президенттик сайттагы маалыматка караганда, куттуктоо каттары Казакстандын азыркы жана мурдагы президенттери Касым-Жоомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаевден, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдон, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден, Азербайжандын президенти Илхам Алиевден, Кытайдын төрагасы Си Цзинпинден, АКШ президенти Жо Байденден, Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдулазиз Ал Сауддан жана Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раисиден келип түштү.
Алар Кыргызстандын эли менен жетекчилигине майрамдык куттуктоолорун жана эки тараптуу кызматташтык боюнча каалоо-тилектерин айтышты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бүгүн Нооруз майрамын белгилеп жаткан өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлерине куттуктоо каттарын жөнөттү.
Бүгүн майрамдык иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында өттү. Өлкө жетекчилиги катышкан негизги майрам Баткен шаарында уюштурулду. (RK)
Дагы караңыз
"Орообуз данга толсун": Кыргызстан Ноорузду майрамдоодоКытайда 133 жүргүнчү бараткан учак куладыКөкбөрү: Чолпон-Атада финалдык оюндар өтүүдө (видео)Көп улуттуу Үч-Коргондогу Нооруз