Украинанын бийлиги Мариуполду берүүдөн баш тартты

Орусиянын аскер күчтөрү талкалаган Украинанын Мариупол шаары.

Украинанын бийлиги өлкөнүн Мариупол шаарынан чыгып кетүү тууралуу Орусия койгон талабынан баш тартып, калааны коргоо аракеттерин улантууда. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.

Мурдараак Киев Мариупол шаарын орус аскерлери бир канча күндөн бери аткылап, дээрлик тыптыйпыл кылып салышканын кабарлаган. Орусиянын бийлиги дүйшөмбү күнү алгач украин аскерлерин, андан кийин жайкын тургундардын чыгып кетишин талап кылган. Учурда орусиялык күчтөр шаарды камалап турат.

Верещук билдиргендей, украин бийлиги Мариуполдогу жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн орус бийлигинен гуманитардык коридор талап кылууда.

Азов деңизинин боюнда жайгашкан Мариупол бир канча күндөн бери бомбаланууда. Алгач алдындагы баш калкалоочу жайда балдар жаткан драма театры тыптыйпыл жок кылынган. Кийин Украин бийлиги имараттын астынан жүздөгөн адамдарды куткарган. Андан соң орус күчтөрү 400дөй киши баш калкалаган искусство мектебин бомбалаган. The Guardian тараткан тасмадагы кадрларда өрттөнгөн, талкаланып, тыптыйпыл болуп калган имараттарды көрүүгө болот.

Украин президенти Владимир Зеленский жекшемби күнкү кайрылуусунда, “блокадага кабылган Мариуполдо кылымдарга эстелип кала тургандай кыргын, террор болуп жатканын” айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти. (ErN)

Дагы караңыз

Өзгөндө көмүр шахтасында кытайлык үч жумушчу каза болдуКөкбөрү: Чолпон-Атада финалдык оюндар өтүүдө (видео)22-марттын аба ырайыЖапаров Кумтөрдү Кыргызстан өзү иштетип кеткени чоң ишенич жаратканын айтты