22-марттын аба ырайы

22-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолорунда кар жаайт. Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.

Дагы караңыз

Жапаров Кумтөрдү Кыргызстан өзү иштетип кеткени чоң ишенич жаратканын айттыДэвид Бекхэм 71 млн. окурманы бар "Инстаграмын" украиналык дарыгерге берди"Орообуз данга толсун": Кыргызстан Ноорузду майрамдоодоКөкбөрү: Чолпон-Атада финалдык оюндар өтүүдө (видео)