БУУ: Украинадан 3,5 миллионго чукул адам чыгып кетти

Украина. Иллюстрация сүрөт.

Украинада согуш башталгандан бери өлкөдөн 3,5 миллионго чукул адам чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, эң көбү Польшага (2 миллион адам), Румынияга (527 миң), Молдовага (362 миң), мындан тышкары Венгрияга, Словакияга, Орусияга, Беларуска жана башка өлкөлөргө чыгып кетишти.

Быйылкы жылдын башындагы эсепте Украина элинин саны (2014-жылы Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын кошпогондо) 41 миллион болчу.

24-февралда Орусия Украинага кол салып, согуш уланууда. Эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрү азырынча оң натыйжа бере элек. Кремл муну кол салуу эмес, атайын операция деп атоодо. (RK)

Дагы караңыз

"Орообуз данга толсун": Кыргызстан Ноорузду майрамдоодоСауд Арабиясынын тышкы иштер министри Бишкекке алгачкы расмий сапар менен келди Нооруз-2022: Негизги майрамдык иш-чара быйыл Баткенде өтүүдөБаткен: Жапаров чек ара көйгөйүн кийинки муундарга калтырбоону убада кылды