Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Бишкекке алгачкы расмий сапар менен келди

ТИМ имараты.

Бишкекке эки күндүк расмий сапар менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Ал Сауд келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 21-мартта билдиргендей, бул өлкөнүн башкы дипломаты кыргыз жергесине алгачкы жолу келип олтурат.

Кызматташтыктын 30 жылдыгына карата уюштурулган расмий сапар алкагында министр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактардагы мамилелерди талкуулайт. Эл аралык жана аймактык бирикмелер алкагындагы кызматташтык тууралуу да сөз болот.

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы дипломатиялык кызматташтык 1992-жылдын 19-октябрында башталган. Бул өлкөгө элчи болуп быйыл январда мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов дайындалган. (RK)

Дагы караңыз

"Орообуз данга толсун": Кыргызстан Ноорузду майрамдоодоБаткен: Жапаров чек ара көйгөйүн кийинки муундарга калтырбоону убада кылдыТуугандар ортосундагы мүлк талаш | "Эл үнү" | 6.03.2022Украина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту