Нооруз майрамына карата өлкө жетекчилиги катышкан негизги салтанаттуу иш-чара быйыл Баткен жергесинде өтүп жатат.
Бүгүн 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган майрамга Кыргызстандын ар бир облусунан келген өкүлдөр жана жергиликтүү эл менен кошо мамлекет башчысы Садыр Жапаров да катышууда.
Президент жергиликтүү кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардын көргөзмөсү менен таанышып, Ноорузга карата жасалган сүмөлөктөн ооз тийип, ушу тапта майрамдык концертке күбө болууда.
Жаздын келишин даңазалаган Нооруз майрамына карата негизги иш-чаралар адатта Бишкекте өткөрүлүп келчү. (RK)
Дагы караңыз
Зеленский Путинди сүйлөшүүгө чакырды Нооруз-2022: Жапаров бийлик саясатты экинчи планга коюп иштеп жатканын айттыГермания Катар менен энергетикалык келишимге кол койдуТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)