Президент Жапаров Баткенге эки күндүк сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров Раззаков шаарында. Баткен. 20-март, 2022-жыл.

Мамлекет башчы бүгүн, 20-мартта Раззаков шаарына барып, Исфананын аталышын өзгөртүүгө арналган иш-чарада сөз сүйлөдү. Ал шаар аталышын өзгөртүү демилгеси жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Раззаковдун кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болоору талашсыз экенин айтты.

Исхак Раззаков Кыргыз Республикасын болгону 16 жыл башкарса да, мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгиледи.

Жапаровдун Баткен облусуна иш сапары эки күнгө созулат.
Анын жүрүшүндө облус борборундагы Ноорузга арналган майрамдык иш-чараларга да катышары күтүлүүдө.

Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүү тууралуу мыйзамга мамлекет башчы 18-мартта кол койду. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алган.

Раззаков шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.(ZKo)

Дагы караңыз

УКМК жарандарды Сирияга азгырган адамдарды кармадыКара-Сууда дайынсыз жоголгон эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды Санкциялар: Орусиядагы кыргыз блогерлеринин иши аксады Зеленский орус аскерлерин согуштук кылмыштарга айыптадыБеш көкүл кызын күйөөгө берген эне жоопко тартылдыУкраинада согуштан 115 бала каза болду Украинадагы согуш: Кытай бейтарап позицияда экенин жарыяладыАКШ Болгарияга аскердик техника жиберет