Аба ырайы: Жаан жаайт

Эртең, 21-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо жаан карга айланат. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-13, күндүз -2…+3 градус.

Бишкекте түнү жамгыр себелейт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…10° жылуу болот.