Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Сел. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында 18-мартта катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин жеп кеткен. Натыйжада 569 үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган.

Ага байланыштуу мэр Эрнисбек Ормоков шаарга 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча нөөмөттөр уюштурулуп, менчигинин түрүнө карабай инженердик техника даярдалат.

12-мартта Чаткал районунун Жаны-Базар айылында 1 миллион метр куб көлөмүндөгү кар көчкү үч сарайды мал жандыктары менен кошо басып калган.

15-мартта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон чогулган суулар Чаткалдын Жаңы-Базар, Курулуш, Кара-Ой айылдарындагы 50дөн ашуун үйдүн короолорун каптап, бир үйгө суу кирип, 11ин суу каптоо коркунучу жаралган. (TB)

Дагы караңыз

Украинада согуштан 115 бала каза болду Украинадагы согуш: Кытай бейтарап позицияда экенин жарыяладыПрезидент Садыр Жапаров Раззаков шаарына баратСанкциялар: Орусиядагы кыргыз блогерлеринин иши аксады АКШ Болгарияга аскердик техника жиберетОрусиянын Мариуполго катуу чабуулу уланды Ички дүң өнүмдүн 35% мигранттар которгон акча түзөтБайсалов Кыргызстан Украина боюнча бейтарап позицияда экенин билдирди