Президент Садыр Жапаров Раззаков шаарына барат

Раззаков шаарындагы аэропорт. Лейлек району, Баткен. Декабрь, 2020-жыл.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат. Президент иш сапарында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат.

Мындан тышкары облус борборундагы Ноорузга арналган майрамдык иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.

Исфана шаарын Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына атоо боюнча чечим кабыл алганын президент былтыр 25-декабрда, жыл жыйынтыктоочу сөзүндө билдирген.

Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүү тууралуу мыйзамга мамлекет башчы 18-мартта кол койду. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алган.

Раззаков шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.(ZKo)

Дагы караңыз

Санкциялар: Орусиядагы кыргыз блогерлеринин иши аксады АКШ Болгарияга аскердик техника жиберетОрусиянын Мариуполго катуу чабуулу уланды Ички дүң өнүмдүн 35% мигранттар которгон акча түзөтБайсалов Кыргызстан Украина боюнча бейтарап позицияда экенин билдирдиНооруз күнү Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилетCOVID-19: Отуздан ашык бейтаптын абалы оорКудайдын отун уурдаган алп