Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 19-мартта кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Адилет Кубанычбеков тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды. Мындан тышкары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды да моюнуна алды. Бул анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүгө негиз берди.
"Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө ал товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыгы үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажы мыйзамдарын одоно бузуу менен, бажы жетекчилигинен товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылар аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке баюу максатында бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысын негизсиз ашыра көтөргөн", - деп билдирди УКМК.
Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков коррупцияга айыпталып 17-январда кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камалган.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кубанычбеков бул кызматка 2020-жылы октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.
Адилет Кубанычбековдун тарапташтары ал күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына бошотуу талабын коюшкан.(ZKo)
Дагы караңыз
“Жаңы базарларды ачуу керек”. Кыргыз ишкерлеринин каатчылыкка камыТурак жай кооперативине нааразылар көбөйдүЭлчилик: Кыргызстандык жүк ташуучуларды текшерүү күчөтүлгөнү такталып жататCOVID-19 жуккан бир киши каза болдуОстин: АКШ аскерлери Украинадагы согушка катышпайтУлуттук банк 20 күндө 62,5 кг алтын куймасын саттыБайден Кытайга орус агрессиясын колдоо - кесепеттерди жаратарын эскерттиАксы окуясына 20 жыл: Аң-сезим өзгөргөн күнИИМ оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштадыОрусиядагы өзбекстандык мигранттардын акча которуулары кыскарды