Остин: АКШ аскерлери Украинадагы согушка катышпайт

Ллойд Остин. АКШ коргоо министри.

АКШ аскерлери Украинадагы согушка катышпай турганын Пентагондун башчысы Ллойд Остин Си-эн-эн телеканалына курган маегинде билдирди.

"Президент (АКШнын поезиденти Жо Байден) так түшүндүргөндөй, биздин аскерлер орус-украин чатагына аралашпайт. Бул жерде сөз эки өзөктүк куралы бар держава тууралуу болууда. Алардын чатакташканынын эч кимге кереги жок. Бул аймак гана эмес, жалпы дүйнө жүзүнө терс таасирин тийгизет", - деди коргоо министри Ллойд Остин.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Жыйырма күндөн ашуун Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Дагы караңыз

Жо Байден менен Си Цзинпин Орусиянын Украинага кол салышын талкуулаштыУлуттук банк 20 күндө 62,5 кг алтын куймасын саттыБайден Кытайга орус агрессиясын колдоо - кесепеттерди жаратарын эскерттиМитингдерди тыюу: укук коргоочулардын соту Москвада Крымдын аннексиясынын сегиз жылдыгы белгилендиАксы окуясына 20 жыл: Аң-сезим өзгөргөн күнБишкек – Ош жолунда жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө чектөө кирдиЖасалма диплом чуусу: "Бүтүн Кыргызстанга" айтылган дооматИИМ оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштады