Улуттук банк 20 күндө 62,5 кг алтын куймасын сатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 25-февралдан тартып 17-мартка чейинки аралыкта 406,1 млн. сомго 62,5 кг алтын куймасы сатылды.

Бул доллардын курсу кескин кымбаттап, президент Садыр Жапаровдун сунушу менен алтын куймаларын сатып алуу жараяны башталгандан берки маалымат.

Жалпысынан долбоор башталгандан бери Улуттук банкта 368,2 кг алтын 1 млрд. 451,6 млн. сомго сатылган.

Маалыматка ылайык, ушул тапта да алтын куймаларын сатуу уланууда. Улуттук банк 1, 2, 5, 10, 31,1035 жана 100 граммдык алтын куймаларын сатып жатат. Алтын куймасынын кору күн сайын толукталууда.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Кийин 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

18-марттагы маалыматка караганда, учурда бир грамм алтын 8 459 сомдон сатылууда.

Улуттук банк март айына карата алтын валюта кору 2,7 млрд. АКШ доллардан ашык каражатты түзөрүн билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Жо Байден менен Си Цзинпин Орусиянын Украинага кол салышын талкуулаштыМитингдерди тыюу: укук коргоочулардын соту Москвада Крымдын аннексиясынын сегиз жылдыгы белгилендиАксы окуясына 20 жыл: Аң-сезим өзгөргөн күнБишкек – Ош жолунда жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө чектөө кирдиЖасалма диплом чуусу: "Бүтүн Кыргызстанга" айтылган дооматИИМ оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштадыОрусиядагы өзбекстандык мигранттардын акча которуулары кыскарды