Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын акча которуулары кыскарды

Орусиянын рубли АКШ долларынын фонунда.

Март айынын биринчи жарымында мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Орусиядан Өзбекстанга акча которуу кескин кыскарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов журналисттерге билдирди. Ал муну кризис маалында мигранттар акча жөнөтө албай жатышы мүмкүн деп түшүндүрүп, бирок сумманы так атаган жок.

2021-жылы эмгек мигранттары Өзбекстанга жалпы 8,1 млрд. доллар которгон. Дүйнөлүк банктын эксперттери Орусиядагы экономикалык кырдаалга байланыштуу 2022-жылы бул сумма 21% кыскарышы мүмкүндүгүн билдирген.

Орус бийлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Орусияда катталган 7,8 миллиондон ашык Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары өлкөгө кирүү себебин “миграция” деп көрсөткөн. Алардын 4,5 миллиондон ашыгы Өзбекстан, 2,4 миллионго жакыны Тажикстан, 900 миңге жакыны Кыргызстандын жарандары болгон.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет. Быйыл Кыргызстанга келчү сумма да кыскарышы мүмкүндүгүн эксперттер божомолдоп жатышат. (ErN)

Дагы караңыз

ИИМ оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштадыБолгария, Эстония, Латвия жана Литва Орусиянын дипломаттарын кетиретАкылбек Жапаров Жалал-Абаддагы алтын кендерге бардыИсфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлдү