“Эркин Европа/Азаттык радиосу” Латвия менен Литвада бюро ачат

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясы англисче аталышы.

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясы Латвиянын борбору Рига шаарында жана Литванын борбору Вильнюста жаңы бюро ачат. Бул тууралуу корпорациянын жетекчилиги кабарлады.

Балтика өлкөлөрүндөгү бюролордо “Азаттыктын” орус жана беларус кызматынын, “Настоящее Время” телеканалынын кызматкерлери иштешет.

Корпорациянын президенти Жейми Флай “Орусиянын жана Беларустун бийлиги көз карандысыз журналистиканын үнүн басууга аракет кылганына карабай, жаңы бюролор ушул өлкөлөрдөгү аудиторияга багытталып иштей турганын” маалымдады.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы – "Свобода" радиосу Орусиядагы бюросунун ишин 6-мартта токтоткон. 4-мартта Орусиянын салык кызматы Москванын арбитраждык сотуна кайрылып, медиакорпорациянын Орусиядагы кызыкчылыгын коргогон "РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп жарыялоону талап кылган. Москвадагы корпункт ал кездеги президент Борис Ельциндин чакыруусу менен 1991-жылы ачылган эле.

Булардын ичинде “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоорлору – “Настоящее Время” телеканалынын сайтын жана “Крым.реалии” сайтын жапкан. “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай “муну Путиндин Украинага каршы кылмыштуу согушу жөнүндө чындыктарды жашыруу аракети” катары баалап, холдинг бул талаптарды аткарбай турганын билдирген.

“Азаттыктын” Беларустагы бюросунун кызматкерлери да бийликтин кысымынан улам бул өлкөдөн чыгып кетишкен. (ErN)