Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду. Бул тууралуу 18-мартта "Азаттык" радиосуна ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ашууда жеңил унаалар өтүп жатат. Бороон-чапкынга карабай жол тазалоо иштери уланууда.
11-март түнү оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Өтмөк ашуусундагы жолдун тазаланбай жатканын айтып, жол тосушкан. Алар облус башчы менен жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин келүүсүн талап кылышкан.
Синоптиктер Кыргызстандын тоолу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын айтууда. Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда. (MKt)
Дагы караңыз
“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери кармалдыЧаткалда сел, көчкү жүрүп бир айыл жарыксыз калды (видео)УКМК жасалма дипломдор тууралуу маалымат бердиИсманкулов медициналык борбору иштеп жатканын билдирди