Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун К.К.К. аттуу кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде ("Опузалап пара алуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында колго түшкөн.
УКМК шектүү Бишкек шаарында Кытайдын жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 3000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.
Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар.
Дагы караңыз
Чаткалда сел, көчкү жүрүп бир айыл жарыксыз калды (видео)Исманкулов медициналык борбору иштеп жатканын билдирдиКыргызстан коронавирусту дарылоо боюнча алты протокол алмаштырдыБейшеналиевдин ишине нааразылар аны кызматтан кетирүүнү талап кылды