Кар көчкү түшкөн Долон ашуусу ачыла элек

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу. 17.03.2022

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолуна 17-мартта түшкөн кар көчкүгө байланыштуу жол убактылуу жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеме 18-мартта тараткан маалыматка ылайык, Долон ашуусунун эки жеринде кар көчкөн. Ашуунун 294-чакырымында 225 миң метр куб кар көчүп анын 47 миң метр кубу жолго түшкөн. 296-чакырымында 900 миң метр куб кар көчүп анын 38 миң 250 метр кубу автожолго түшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Көчкүнү тазалоого 11 техника тартылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатат.

ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Казарман – Актал – Чат, жана Каракол - Эңилчек автожолдорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн экенин эскертти. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский Орусиянын экономикасын колдоду деп Германияны айыптадыПольшанын мурдагы аскер кызматкери Беларуста асылган абалда табылдыОш мэриясы Сулайман-Тоо муниципалдык менчикке өткөрүлөрүн билдирди Назарбаевдердин кудасы Кайрат Боранбаев кармалдыМариупол: бомбаланган театрдын жер төлөсүнөн аман калгандар табылдыБишкекте акцияга чыккан укук коргоочулардын соту жылды