ЖК машиненин айнегин караңгылатууга уруксат берүү долбоорун колдоду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 17-марттагы жыйынында Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ эми президентке жөнөтүлөт.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети иштеп чыккан. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 10-20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.

Ички иштер министрлиги азыр терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынарын, акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалганын билдирген.

Долбоор боюнча такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Кыргызстанда ушул тапта автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап, бири каза болдуӨзбекстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбай турганын жарыялады Ош мэриясы Сулайман-Тоо муниципалдык менчикке өткөрүлөрүн билдирди Соода-өнөр жай палатасы вице-президентке байланыштуу түшүндүрмө бердиБылтыр жол кырсыгынан 100дөн ашык бала каза болдуАКШнын Чалгын кызматы: Украина менен согушта 7 миңдей орус аскери өлдү