Аксы окуясынын катышуучуларына "Баатыр" наамын берүү сунушталды

Аксы окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстелик. Боспиек айылы

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Аксы окуясына тийиштүү баа берилбей жатканын парламенттин 17-марттагы сессиясында айтып чыкты. Ал окуясына катышкандарга "Баатыр" наамын берүүнү сунуштады.

"Аксы окуясына катышкандарга "Баатыр" наамын ыйгарууну мен буга чейин дагы көтөргөм. 2018-жылы дагы ушундай талап менен чыгып, аткарылган эмес. Эскерүү иш-чаралары өтүп, көңүл бурулуп жатканы жакшы жышаан. Бирок Апрель окуялары сыяктуу Аксы окуясына дагы баа берилиши керек".

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Бир нече киши жараат алган.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Бүгүн, 17-мартта президент Садыр Жапаров Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчы 2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири экенине токтолгон.

Дагы караңыз

Орус элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кеттиКыргызстанда доллар салыштырмалуу арзандадыҮч облуста "Ишкер Айымдар - Айылдан ааламга!" аттуу форуму өттү "Ош электрдеги" коррупцияга шек саналып дагы эки адам кармалдыМинистр Бейшеналиевдин жүрүм-туруму парламентте көтөрүлдү