Жаңылыктар | 16.03.2022 |Орусия Киевге чабуулун күчөттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия аскерлери Киевге чабуул коюу астында борбор калаанын кан жолдорун кесип, логистикасын талкалоону көздөп жатат. Кандуу салгылаштар Мариуполь, Харьков, Николаев баштаган бир катар шаарларда уланууда.  Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылып, өлкө супер президенттик башкаруудан кайтышы керектигин билдирди. Токаев өзү төрагалыгынан баш тартып жаткан мурдагы "Нур Отан", азыркы "Аманат" партиясынан акимдер менен министрлер да чыгышы керектигин айтты.  Ошто “каржы пирамидасын” түзгөн деген шек менен S-LINE кооперативинин жетекчиси кармалды. "Сейф бизнес" тармактык бизнесин түзгөн бул адам 24 кишиге 40 миллион сом карыз экени айтылууда.