Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 17-мартта Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° болот.
Дагы караңыз
"Ак үй Кейжи" кооперативинин негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалдыТогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулдуS-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси кармалдыЕРӨБ Бишкектеги автобустарды жаңылоого 25 млн. евро насыя беретБашкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентин кармадыКыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүк башталдыCAFA U-18: Кыргызстандын футболчу кыздары үчүнчү орунду алды