Тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ долларынын курсуна байланыштуу кырдаалдан улам мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн Улуттук банк Бишкекте тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.

“Ариет финанс”, “Ордо Финанс Плюс”, “Нурислам Лтд” жана “Азамат финанс” 16-марттан 30-мартка чейин ишин токтотот. Ал эми “АЯТ НУР”, “Рашидик”, “Исхак жана Исаак”, “Интегро Ко” жана “Баймак Финанс” акча алмаштыруучу бюролор 16-марттан 25-мартка чейин убактылуу иштебей турат.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өстү. Анын таасири Кыргызстанга да тийип акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар февралдын аягында дароо 10 сомго кымбаттап, 95 сомго чыккан.

Ушул күндөрү бир АКШ доллары коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда 103-106 сомго бааланып жатат. Улуттук банк расмий курсту 105 сом деп белгиледи.

Улуттук банк 11-мартта долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салган. (BTo)

Дагы караңыз

S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси кармалдыЕРӨБ Бишкектеги автобустарды жаңылоого 25 млн. евро насыя беретИИМ: Быйыл эки айда каржы пирамидаларына 133 киши алдандыБашкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентин кармадыКыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүк башталдыCAFA U-18: Кыргызстандын футболчу кыздары үчүнчү орунду алдыЖогорку Кеңеште жаңы эки депутат ант берди