Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Бүгүн, 15-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Бишкектеги элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги саясий иш-чаралар, анын ичинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын алкагындагы форум тууралуу сүйлөштү.

Ошондой эле тараптар Казакбаевдин Орусияга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Руслан Казакбаев орус тараптын чакыруусу менен 5-мартта Орусияга барган. Ал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кезиккенде Бишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча түзүп берүүгө жана тынчтык орнотуу үчүн зарыл чараларды уюштурууга даяр экенин айткан.

Сапардын алкагында Казакбаев Москвада орус президентинин администрация башчысынын орунбасары Дмитрий Козак менен Украинадагы кырдаалды талкуулаганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

Расмий кабарга ылайык, жолугушуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Дагы караңыз

Украинадагы кыргызстандыктар Стамбул аркылуу эвакуацияландыАлматыда Орусияны сындаган эки жаран соттолду "Батукаев иши": Жогорку сот Атамбаевге карата өкүмдү күчүндө калтырдыУкраин-орус сүйлөшүүсүнүн төртүнчү айлампасы өтүүдө