Өзбекстандын чоң шаарларындагы автобекеттер 16-марттан тарта Казакстанга эл аралык автобус каттамдарын калыбына келтирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Расмий билдирүүдө мекеме Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Орусияга жүргүнчүлөрдү ташууну да мерчемдеп жатканы көрсөтүлгөн.
Жакындан тарта Өзбекстандан Кыргызстанга транзиттик автобус каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр да аяктап калганы айтылды.
Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы эл аралык автобус каттамдары 2020-жылдын 16-мартында коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган.
Өзбек өкмөтүнүн атынан министрликтердин мындай билдирүүсү бүгүнкү күндө расмий Ташкенттин иш-аракеттери карапайым калк үчүн анчейин ачык-айкын эмес экенин далилдей турганын "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирди.
Дагы караңыз
Тажикстанда орусиялык аскерлердин машыгуулары башталдыИИМ элди каржы пирамидаларына алданбоого чакырдыЧек арадагы суу бөлүштүрүү: эски эреже, жаңы сүйлөшүү