Бишкек мэриясында 584 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Бишкек мэриясы.

Былтыр Бишкек мэриясында 584 миллион 318 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталып, анын 62 миллион 951 миң сому гана кайра калыбына келтирилген. Бул тууралуу 15-мартта Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров вице-мэрлер, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду.

Кайсы мекемелерде каржылык мыйзам бузуулар аныкталганы жана чыгым кандай өндүрүлгөнү тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымат берген жок.

Жыйында көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) киргизүү, эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдык, муниципалитеттин түзүмдөрүнө жүргүзүлгөн ички аудиттин жыйынтыгы жана жергиликтүү бюджеттин абалы талкууланды.

Март айынын башында Бишкек мэриясында шаардын көчөлөрүн оңдоого бөлүнгөн 772 миллион сомдун 520 миллион сому кайда сарпталганы белгисиз болуп жатканы кабарланган.

Мекеме борбордогу жолдорду оңдоо үчүн бөлүнгөн 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу былтыр “Азаттык” журналисттик иликтөө чыгарган. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстан долларды тышка чыгарууга тыюу салдыДарыгерлер Абдрамановдун кызматтан алынышы боюнча президентке кайрылыштыМинистр белгилүү хирург Эрнст Акрамов жетектеген институт жабылганын билдирдиАжикеев: кумшекер 70 сомдон, суу май 130 сомдон сатылатБашкы прокуратура Жыргалбек Сагынбаев кармалганын билдирдиКыргызстан аркылуу Сирияга кетүүгө аракет кылган чет өлкөлүктөр кармалдыКоронавирустан бир адам каза болуп, 16 кишиден жаңы аныкталды