Президент коопсуздукка байланыштуу кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров өткөргөн кеңешме

Президент Садыр Жапаров 14-мартта өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан улам келип чыккан маселелер, анын социалдык-экономикалык таасири, өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Анын таасири Кыргызстанга да тийип өлкөдө бир доллар 103-106 сомго чыкты.

Орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды. Кыргызстанда эл биринчи керектеген айрым-азык түлүктүн, анын ичинде ун, кумшекер, өсүмдүк майынын баасы кымбаттаганы байкалды. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз улуттук "Манас" театрына имарат берилди Донецк шаарына сокку урулганы кабарланды Муртазалиевдин каттоосуна байланыштуу сот 15-мартта уланат“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Жамангулов эки айга камалдыМариуполдогу төрөт үйүндө жаракат алгандардын бири каза болдуМамлекеттик органдар менен ишкерлер келишимге кол койдуУкраинанын прокуратурасы: орус армиясынын огунан 90 бала чарчады