Кыргыз улуттук "Манас" театрына имарат берилди

Кыргыз улуттук “Манас” театрынын имараты.

Кыргыз улуттук “Манас” театрына өкмөт тарабынан имарат берилди. Маданий жайдын жетекчиси Азиз Биймырза уулунун айтымында, театрдын курамында манасчылар жана дастанчылар мектеби, Элмирбек Иманалиев атындагы төкмө акындар мектеби да түзүлдү.

Улуттук "Манас" театрына кеңсе катары берилген үй Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган. Жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансына караган “Манас” театрында 83 штат бар.

Театрдын кире бериши.

2021-жылдын 25-сентябрында Бишкекте өткөн дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын жабылуу аземинде “Манас” театры түзүлгөндүгү жарыяланып, театрдын жетекчиси катары манасчы Азиз Биймырза уулу тааныштырылып, президент тарабынан 500 миң сомдук сертификат тапшырылган. Улуттук макамга ээ театрдын уставы өткөн жылы сентябрда иштелип чыгып, ишмердиги үчүн убактылуу кеңсе бөлүнүп берилген эле.

“Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. Бир жылдык бюджети 49 млн. сом. (MZh)

Дагы караңыз

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Жамангулов эки айга камалдыМамлекеттик органдар менен ишкерлер келишимге кол койдуАбдраманов: Министрге каяша айтпайм, жаңы жетекчи менен иштешемУкраин-орус сүйлөшүүсү башталды