“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов №21 тергөө изоляторуна эки айга камалды. Мындай токтомду 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Шектүүнүн коомдук жактоочусу Канат Хасанов “Азаттыкка” ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айтты.
Жамангуловго ким арыз жазганы жана иштин-чоо жайы тууралуу азырынча кенен маалымат бериле элек. Ал 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов “Мегакомду” 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкарган. (BTo/TSh)
Дагы караңыз
Министр белгилүү хирург Эрнст Акрамов жетектеген институт жабылганын билдирдиМариуполдогу төрөт үйүндө жаракат алгандардын бири каза болдуМамлекеттик органдар менен ишкерлер келишимге кол койдуУкраинанын прокуратурасы: орус армиясынын огунан 90 бала чарчады Абдраманов: Министрге каяша айтпайм, жаңы жетекчи менен иштешем