Улуттук банк: Быйыл инфляция 12% жогору болот

Улуттук банктын имараты.

Улуттук банк быйыл Кыргызстанда инфляция 12% жогору болот деп болжолдоп турат. Бул тууралуу өлкөнүн негизги банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева 14-мартта басма сөз жыйынында айтты. Ал муну геосаясатка жана Кыргызстан өнөктөш болгон өлкөлөрдөгү абал менен байланыштырды.

“Дүйнөдө абал өзгөрдү. Ошондуктан инфляция 12% жогору болот. Бирок так бир маалыматты азырынча айта албайбыз. Ошого жараша эсептерди кылып жатабыз. Баары бир биз белгилеген 12% жогору болот”.

Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл инфляция 12% болот деп жаткан. Өлкөдө 2021-жылы инфляция 11,2% түзгөн.

Инфляция - бул баанын өсүшү. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө.

Орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды.

Анын таасири Кыргызстанга да тийип ун, кумшекер, суу май кымбаттады. (BTo)

Дагы караңыз

Украин-орус сүйлөшүүсү башталды АКШ Кытайды Орусияга жардам берүүнүн кесепеттерин эскертти Улуттук банк рублдин курсун аныктоо ыкмасы тууралуу түшүндүрмө бердиSIPRI: Европада курал-жарак импорту өстү Кыргызстанда дары-дармектин эки-үч айга жете турган кору барСаламаттык сактоо министрлиги 143 медкызматкерге кенемте төлөнө электигин билдирди