Кыргызстанда дары-дармектин эки-үч айга жете турган кору бар

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган дары-дармектин запасы бар. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Биздин рынокто ажиотаж болуп кетпесин деп өтө зарыл дары-дармектерди каттоосу жок Кыргызстанга алып келүү боюнча долбоор даярдадык. Азыр ал макулдашууга кеткен. Азыр мониторинг жасап жатабыз, дарылар жок болуп кете тургандай көрүнүш жок. Фирмаларда эки-үч айга жете турган дары-дармек бар экен. Азыр баага көзөмөл жүргүзүүнү убактылуу, беш айга токтотуп туралы деп жатабыз. Анткени доллар өскөнүнө байланыштуу фирмалар өздөрүнө пайдасы жок дарыларды алып келбей коюшу мүмкүн", - деди Кагаздиев.

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында доллардын баасы өскөнүнө байланыштуу дары-дармек баасы да өсүшү ыктымал экени айтылды. Кагаздиевдин белгилешинче, Кыргызстанга дары-дармектин 5% Украинадан, 16% Орусиядан алып келинет.

Комитет төрайымы, депутат Динара Ашимова мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселеси COVID-19 пандемиясы учурунан бери көтөрүлүп келгенин белгиледи. Эл өкүлү Дастан Бекешев дары-дармек кымбаттап жатканын, анын ичинде инсулинге баа өскөнүн кошумчалады.

Дагы караңыз

Украинадагы согуш кыргызстандык бейтаптарды да кыйнады

Буга чейин Орусиянын Украинага басып киришинин артынан Кыргызстандагы дары-дармек базарында кырдаал оорлогону 2-мартта дары коопсуздугуна байланыштуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөргөн кеңешмеде айтылган.

Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов Кыргызстанга 30дан ашуун өлкөдөн дары-дармек жана медициналык каражаттар импорттолорун, анын 60% жакыны Орусия менен Украинага таандык экенин белгиленген.

Анын айтымында, бул эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалдан улам Украинага берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылган, аны кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгү суроо бойдон калууда.

9-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык абалдын курчушуна байланыштуу дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда калкты дары-дармек менен камсыздоо улуттук коопсуздук маселесине кирери, дары-дармек жеткирүү үзгүлтүккө учуруган мезгилде өкмөт ыкчам жана чечкиндүү чараларды көрүшү керектиги айтылган.

Дагы караңыз

Саламаттык сактоо министрлиги 143 медкызматкерге кенемте төлөнө электигин билдирди АКШ Кытайды Орусияга жардам берүүнүн кесепеттерин эскертти Орусияда согушка каршы чыккан 900дөн ашуун адам кармалды Ошто экстремисттик мүнөздөгү видео таратууга шектүү жаран кармалды