Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-15-март күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;
Бийик тоолордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градус болот.
Дагы караңыз
УКМК Жогорку Кеңештин төрт депутаты жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирди Казакстанда Назарбаевдин тууганы Кайрат Сатыбалды кармалдыРавшанбек Сабировдун депутаттык мандаты алынды2021-жылы мектептерде рекетчилик боюнча 19 учур катталганКыргыз-тажик суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү"Мегакомдун" мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун бөгөт чарасы каралат