“Аэрофлот” Кыргызстанга каттамдарын жандантты

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы 14-марттан тарта Кыргызстанга каттамдарын жандантты.

Москва (Шереметьево) – Бишкек багыты боюнча каттам “Манас” аэропортуна бүгүн саат 16:10до учуп келет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

“Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин бир катар өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылды.

Ушундан улам билеттин баасы кымбаттап, Орусияда жүргөн журтташтар мекенине келе албай жатканын билдиришкен. Ушул тапта Орусияда бир миллиондон ашык кыргызстандык мигрант эмгектенип жүрөт. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда Назарбаевдин тууганы Кайрат Сатыбалды кармалдыУКМК Жогорку Кеңештин төрт депутаты жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирди Равшанбек Сабировдун депутаттык мандаты алынды2021-жылы мектептерде рекетчилик боюнча 19 учур катталганМинистрлер кабинети "Кыргыз Петролеум Компанинин" жери боюнча түшүндүрмө берди