Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай чечим 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында кабыл алынды.
Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аны агенттиктин жамаатына тааныштырды. Жапаров анда Кыргызстанга чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га көбөйгөнүн айтты. Жаңы түзүлгөн президентке караштуу Инвестициялар боюнча агенттикке улуттук деген макам берилди.
Равшанбек Сабиров 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган. (BTo)
Дагы караңыз
2021-жылы мектептерде рекетчилик боюнча 19 учур катталганМинистрлер кабинети "Кыргыз Петролеум Компанинин" жери боюнча түшүндүрмө бердиКадыркулов: Европа өлкөлөрү кыргызстандыктарга 15 күндүк "жашыл коридор" бердиКыргыз-тажик суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдүКазакстанда Назарбаевдин тууганы Кайрат Сатыбалды кармалды"Мегакомдун" мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун бөгөт чарасы каралат