Кыргыз-немис кызматташтыгын арттыруу маселесин талкуулаган жолугушууга Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 11-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлинде диаспора өкүлдөрү, активисттер жана Кыргыз-немис маданий борборунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Элчи эки өлкө ортосундагы саясий жана соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарына инвестиция тартуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пландары, максаттары тууралуу маалымат берди. Ошону менен катар Текебаев Германиядагы кыргыз жарандарын бул пландарды ишке ашыруу үчүн элчилик менен тыгыз байланышта болууга, сунуш-пикирлерди айтууга чакырды.
Белгилүү оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы, парламенттин алты чакырылышынын депутаты, 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон. Германияга элчи болуп өткөн айда дайындалган. (RK)
Дагы караңыз
Украина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту Ирак: АКШ консулдугунун жанында бир нече ракета жарылдыБишкекте кесип тандоо боюнча форум өтүүдөУкраина: Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан кеминде тогуз адам каза болду