Ирак: АКШ консулдугунун жанында бир нече ракета жарылды

Эрбил шаары.

13-мартка караган түнү Ирактын түндүгүндө, АКШнын консулдугуна жакын жерге бир нече ракета түшкөнүн күрд автономиясынын расмий органдары билдиришти.

Жалпысынан Эрбил шаарынын аймагына 14 ракета атылган, алар америкалык башкы консулдуктун тегерегиндеги аймакка түшкөн. Натыйжада жергиликтүү Kurdistan 24 телеканалынын имараты жабыркап, жергиликтүү аэропорттун иши үзгүлтүккө учурады.

Бул чабуулдан кийин АКШ баштаган эл аралык коалициянын аскердик учактары аймактын үстүнөн көзөмөл иретинде айланып учушту.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү ракеталык чабуулду кол салуу катары баалап, эч ким жабыркабаганын билдирди.

Эрбилдин аэропортундагы америкалык аскерлерге буга чейин да түрдүү чабуулдар жасалган. АКШ бул үчүн Иран менен байланышы бар согушкерлерди айыптап келет. Иран бийлиги аларга эч тиешеси жок экенин айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте кесип тандоо боюнча форум өтүүдөУкраина: Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан кеминде тогуз адам каза болду Украина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту Кыргыз-тажик чек арасы: Жумушчу топ иштей баштайт