Казакстанда сот оппозиционер активист Жанболот Мамайды камактан бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирип, 12-мартта Мамайдын 15 күндүк жаза мөөнөтү аяктаганын, бирок ага карата жаңы айыптар тагылганына байланыштуу коё берилбегенин маалымдашты.
Казакстанда мыйзамсыз деп эсептелген “Казакстан демократиялык партиясынын” лидери 25-февралда уюштурган акциясы үчүн камалган. Ал иш-чара, уюштуруучулардын айтымында, быйыл январда өкмөткө каршы митингдерде курман болгон кеминде 227 адамды эскерүүгө арналган. Бийлик бул акцияны мыйзамсыз деп эсептөөдө.
Казакстанда быйыл жыл башында суюлтулган газды арзандатуу талабы менен башталган нааразылык акциялары бардык шаарларда жалпы улуттук демонстрацияларга айланган. Кийин тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Өлкө жетекчилиги муну бийликти басып алуу үчүн жасалып, чет өлкөдө даярдалган айрым “террордук топтордун чабуулу” деп жарыялаган. Бирок бул дооматты ынанымдуу далилдер менен ырастай элек. (RK)
Дагы караңыз
COVID-19: Бир күндө 11 бейтап катталды, бир адам каза болдуӨКМ: Чаткалда кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши улануудаЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде чатак көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду Украина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту