Кыргызгидромет 12-15-март күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаай турганын эскертти. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр карга айланышы мүмкүң. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөп, жолдор тайгак болот.
13-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14,
- Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 5...10, күндүз 11...16,
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз 7...12,
- Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2°.
- Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн 7…9, күндүз 12…14 градус жылуу болот.
Дагы караңыз
Долларды Кыргызстандан четке чыгарууга убактылуу тыюу салындыКыргызстанда “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү башталдыТүркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп жатат Украинадагы согуш кыргызстандык бейтаптарды да кыйнады