COVID-19: Бир күндө 13 бейтап катталып, бир адам каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин 12-марттагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы 13 адамдан табылып, бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2972 адамга жетти.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 720 адамга жетти.

Кыргызстанда COVID-19дун быйыл январда башталган төртүнчү толкуну февралдын ортосунда басаңдай баштаган.

Коронавирус инфекциясына каршы республикалык штабдын чечим менен 12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт. (JsA)

Дагы караңыз

Жазгы талаа жумуштары үчүн 72 пайыз күйүүчү май даярКыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жолугушуу башталдыYouTube Орусия каржылаган каналдарды дүйнөлүк алкакта жапты