Кыргызстан менен Өзбекстан Украинадагы чыңалууну тез арада токтотуу керектигин белгилешти

Министрлер Руслан Казакбаев менен Абдулазиз Камиловдин жолугушуусу.

Кыргызстан менен Өзбекстан Украинада чыңалууну тез арада токтотуу керек деп эсептешет. Бул тууралуу бүгүн 11-мартта эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Абдулазиз Камиловдин жолугушуусунда айтылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу Түркиянын Анталья шаарында эл аралык дипломатиялык форумдун алкагында өттү.

Эки министр согуштук аракеттерди токтотуу, конфликтти саясий-дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу максатында сүйлөшүүгө кайтуу зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз-өзбек мамилелерине байланыштуу маселелер алкагында чек арадагы кызматташтыкты бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык алаканы өнүктүрүү, ортодогу соода көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү пландары талкууланды. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Meta компаниясына кылмыш иши ачтыОрусия дан өсүмдүктөрүн экспорттоого тыюу салды"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдин сыртында ракета чабуулунан жарадар болдуТалас: Добуш сатып алууга шектүүлөрдүн иши сотто каралууда